
Жарыяланган
2026-16-02, 16:56Улуттук банк кезектеги алдамчылык схемасы тууралуу эскертти. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, белгисиз адамдар өздөрүн Улуттук банктын кызматкери катары тааныштырып, мессенджерлер аркылуу жарандарга алардын атына акча которулгандыгы, бирок ал акча каражаттарды алуу үчүн комиссиялык төлөм төлөө зарылдыгы жөнүндө билдирүүлөрдү жөнөтүп жатышат.
“Буга байланыштуу Улуттук банк жарандарга бул алдамчылык схемасы экендигин эскертти. Мындай билдирүүлөргө жана чалууларга ишенбеңиздер жана бейтааныш адамдарга акча которбоңуздар. Эгерде күмөн санасаңыз, расмий булактардагы маалыматты кайрадан текшериңиз”, - деп жазылат маалыматта.



