Akchabarsearch
Улуттук банк 10 жылдык мамлекеттик облигациялар боюнча аукцион өткөрөт

Жарыяланган

2026-18-03, 14:01

Улуттук банк 10 жылдык мамлекеттик облигациялар боюнча аукцион өткөрөт

Улуттук банк 19-мартта 10 жылдык мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштырып, аукцион өткөрөт. Бул тууралуу аталган банк билдирди.

Аукциондо 1 млрд 800 млн сом карыз алуу пландалууда.

Буга чейин, 6-мартта да ушундай облигациялар чыгарылган. Анда банк 1 млрд 800 млн сом тартууну көздөгөн, бирок инвесторлордон түшкөн сунуштарга байланыштуу 1 млрд 220 млн сом гана алынган.

Белгилей кетсек, 17-мартка карата Кыргызстандын 10 жылдык мамлекеттик казына облигациялары боюнча 55 млрд 198 млн 444 миң сом карызы бар.

 

 


Тектеш материалды окуу