Akchabarsearch
    Улуттук банктын алтынынын унциясы 1 миң сомго кымбаттады

    Жарыяланган

    2025-30-07, 09:10

    Улуттук банктын алтынынын унциясы 1 миң сомго кымбаттады

    Бүгүн, 30-июлга карата Улуттук банктын алтын куймаларынын унциясынын кайра сатып алуу баасы 292 миң 138.5 сом деп белгиленди.

    Кечээ Улуттук банк алтындын унциясын (31.1035) элден 291 миң 102 сомдон сатып алып жаткан. Бир күндө анын баасы 1 миң 36.5 сомго кымбаттады.

    Улуттук банк бүгүн алтын куйманын унциясын 296 миң 521 сомдон сатууда.


    Тектеш материалды окуу