Akchabarsearch
Улуттук банктын алтынынын унциясы дээрлик 2 миң сомго кымбаттады

Жарыяланган

2026-18-03, 13:42

Улуттук банктын алтынынын унциясы дээрлик 2 миң сомго кымбаттады

Бүгүн, 18-мартка карата Улуттук банктын алтын куймаларынын унциясынын кайра сатып алуу баасы 440 миң 857 сом деп белгиленди.

Кечээ Улуттук банк алтындын унциясын (31.1035) 438 миң 938 сомдон сатып алып жаткан. Бир күндө анын баасы 1 миң 919 сомго кымбаттады.

Улуттук банк бүгүн алтын куйманын унциясын 452 миң 832 сомдон сатууда.

 


Тектеш материалды окуу