Akchabarsearch
    Бишкекте заманбап Sky Park Baytik оюн-зоок сейил багы ачылды

    Жарыяланган

    2025-01-06, 12:30

    Бишкекте заманбап Sky Park Baytik оюн-зоок сейил багы ачылды

    Бишкекте заманбап Sky Park Baytik оюн-зоок сейил багынын ачылышы болду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

    Сейил бакты жеке инвесторлор салып, ага 1 млрд сом жумшаган. 4,5 гектар аянтты ээлеген сейил бакта балдар жана чоңдор үчүн 17 аттракцион, балдар аквапаркы, кичинекей балдар аянты (10 жашка чейинки балдар үчүн), батут аянты жана VR-аймагы (виртуалдык реалдуулук) бар. Сейил бакта 200 киши иштейт.

    Келечекте парктын аймагында амфитеатр, музейлер, көргөзмө залдары, фестивалдар жана концерттер үчүн ачык асман алдындагы сахналар курулат.  

    Сейил бактын ачылышы Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулду. 

    Иш-чарага ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев, инвесторлор, жана балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары катышты.

    Касымалиев балдарды майрамы менен куттуктап, аларга бакыт-таалай, чың ден соолук, бакубатчылык жана окууларына ийгиликтерди каалады. 

    "Балдарды коргоо күнү – бул жөн гана дата эмес. Ар бир бала биздин кубанычыбыз, үмүтүбүз, келечегибиз. Биз аларга бактылуу балалык, башына жарык асман, өсүп-өнүгүшүнө татыктуу шарттарды түзүп берүүгө милдеттүүбүз. Балдардын жылмаюусунда жер бетинде тынчтык жана ынтымак бар. Балдарга бактылуу балалык, сапаттуу билим, туура тарбия берүү үчүн бардыгын жасайбыз", — деди ал.

    Адылбек Касымалиев сейил бактын аймагын көрүп чыгып, балдарга президенттин атынан белектерди таратты.


    Тектеш материалды окуу

    • Кыргызстан үчүн эки учак сатып алынат

      Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Евразия өнүктүрүү банкы, "Элдик банк" ААКсы жана "Кыргызстандын аэропорттору" ААКсынын ортосунда кызматташтык жөнүндө документке кол коюлду.
      2025-14-08 09:22:18
    • «Касперский лабораториясы» Кыргызстанда IT-адистерди даярдоого жардам берет

      Кыргызстанда IT-тармагында иштеген адистерге болгон суроо-талап көп, бирок алардын саны жетишсиз. Ошондуктан ишин билген IT-кадрларды даярдоо башкы милдет болуп саналат. Бул тууралуу Ысык-Көлдөгү VII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун жыйынында «Касперский лабораториясынын» вице-президенти Юлия Шлычкова билдирди.
      2025-14-08 05:39:08
    • Артем Новиков: ЕАЭБге технологиялык секирик керек

      Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болгонунун 10 жылдыгын утурлай адистер бирикмени өнүктүрүү үчүн "экинчи дем" керек экенин айтышууда. Санкциялар жана технологияларга жетүү кыйын болуп жаткан учурда, жогорку технологиялуу тармактарга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башчысы Артем Новиков билдирди.
      2025-13-08 10:43:40
    • Июнь айында Кыргызстанга 295.1 млн доллар акча которулган

      Быйыл июнь айында Кыргызстанга акча которуулардын жалпы суммасы 295.1 млн долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банк маалыматында айтылат.
      2025-12-08 03:48:49