Жарыяланган
2024-27-09, 13:11Жакын арада Кыргызстанда 13 "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасы ачылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин “Ата Журт” фракциясынын жыйынында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Ал белгилегендей, буга чейин өлкө боюнча 87 мамлекеттик дарыкана ачылган.
"Мамлекеттик дарыканаларда дарылар жеке аптекаларга караганда 20-30% арзан сатылат. Мамлекеттик дарыканалардын пайда болушу менен жеке жактар бааны арзандатууга киришет деп ойлойм", - деди ал.