akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2025-22-04, 16:24

    Мамлекеттик органдар тууралуу ой-пикир жазуу үчүн санарип аянтчаны иштеп чыгуу пландалууда

    Кыргызстанда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин ишин баалап, кемчиликтерин айтып туруу, алардын ишин жакшыртууга түрткү берүү үчүн "Пикирлер" маалыматтык системасын киргизүү сунушталууда. Тиешелү токтом долбоорун Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги даярдады.

    Жаңы түзүлгөн маалыматтык системада жарандар  тигил же бул мамлекеттик орган, алардын көрсөткөн кызматы тууралуу пикирин калтырып, анын ишине баа бере алат. Баалоо 5 баллдык система боюнча жүргүзүлөт. Жарандар берген баалар текшерилип, анын жыйынтыгы ачык жарыяланып турат.

    Министрлик маалыматтык система ишке кирсе, мамлекеттик органдар өз ишин жакшыртуу үчүн так маалымат ала алат деп ишенет. 


    Тектеш материалды окуу