Жарыяланган
2025-21-05, 16:17Бүгүн, 21-майда өлкөдөгү чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз миграция маселесине байланыштуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жетекчилигинин алдында мамлекеттик органдардын кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Кеңешмеде айтылгандай, жыл башынан бери азыркы күнгө чейин Кыргызстанга 61 миң - турист, 30 - миң студент жана 12 миң эмгек мигрант (расмий түрдө), башка түрдүү себептер боюнча (үй – бүлөлүк, кызматтык, иш, диний ж.б.) 10 миң адам келген. Анын ичинен мыйзамсыз мигранттардын саны 5 миңге жакын.