Akchabarsearch
Ош – Алматы багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылат

Жарыяланган

2025-03-04, 14:15

Ош – Алматы багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылат

Ушул жылдын 28-майынан баштап Ош – Алматы багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылат. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттамдар Air Astana авиакомпаниясы тарабынан жумасына төрт жолу – шейшемби, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү заманбап Airbus A320 учактары менен аткарылат.

Жүргүнчүлөр ыңгайлуу шарттарды, тейлөөнүн жогорку деңгээлин жана негизги эл аралык хабдарга – Дели, Мумбай, Сеул, Пхукет, Бангкок, Дананг жана башка көптөгөн багыттарга ыңгайлуу уча алышат.

"Бул аба байланышын өнүктүрүүдөгү жаңы кадам, саякатка, бизнеске жана жакындары менен жолугушууга көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү ачат", - деп айтылат маалыматта.


Тектеш материалды окуу