Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын утурлай, MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш операторунун кызматкерлери согуштун ардагерлерин, концлагерь туткундарын жана Ленинград курчоосунда аман калгандарды куттуктады.
Президент Садыр Жапаров 8-9-майда Россиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Россияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
Нарындын Ат-Башы районунун Казыбек айыл өкмөтүндөгү Кош-Караташ тилкесинде "Нур" кооперативи япониялык ишкерлер менен бирге 100 гектар жерге чычырканак айдоону пландап жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.