Akchabarsearch
    Кыргызстанда акысыз жарым күндүк балдар бакчалары жана өнүгүү борборлору түзүлүүдө

    Жарыяланган

    2025-18-07, 14:20

    Кыргызстанда акысыз жарым күндүк балдар бакчалары жана өнүгүү борборлору түзүлүүдө

    "Келечек үчүн билим берүү” жана “Окутуунун пайдубалын бекемдөө” долбоорлорунун алкагында 560 бала бакчанын ичинен 509унда оңдоо иштери аяктап, алар азыр иштеп жатат. Калган 51 мекемеде оңдоп-түзөө иштеринин 90% бүттү жана быйылкы жылдын сентябрына чейин пайдаланууга берилет.

    Ошондой эле, ар бир бала бакчага керектүү эмеректер, килемдер, балдар үчүн өнүктүрүүчү материалдар, оюнчуктар, тарбиячылар үчүн методикалык колдонмолор, балдар үчүн китептер, жабдуулар жана оюн аянтчалары камдалган.

    Билим берүү министрлиги “Келечек үчүн билим берүү” жана “Окутуунун пайдубалын бекемдөө” долбоорлору аркылуу жарым күндүк 500 балдар бакчасын жана 60 өнүгүү борборун ачууда. Бул мекемелердин жардамы менен 3төн 5 жашка чейинки 20 миңден 40 миңге чейин бала мектепке чейинки билим алууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул бакчаларда окутуу акысыз.

    Жарым күндүк балдар бакчалары үч сааттык билим берүү программасын сунуштайт, анда балдардын өнүгүүсү мамлекеттик стандарттарга ылайык жүргүзүлөт, бирок уктоо убактысы жана тамак-аш каралган эмес. Мындай формат чыгымдарды кыскартууга мүмкүндүк берип, эртең менен жана түштөн кийин окутуу аркылуу мектепке чейинки билим берүү программасына эки эсе көп балдарды камтыганга шарт түзөт.


    Тектеш материалды окуу