Жарыяланган
2025-20-06, 10:28Кыргызстанда жылдык инфляция 2025-жылдын май айынын жыйынтыгы боюнча 8%га жетти.
Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматтарынан көрүүгө болот. Көрсөткүч былтыркы жылдын май айына карата эсептелген.
Баалар пландаштырылгандан да тез өсүүдө: инфляция 5-7%дын чегинде болот деп белгиленген.
Улуттук банк динамикага көз салып, зарыл болгон учурда акча-кредит саясатын оңдоого даяр.