Akchabarsearch
Салык кызматы: Пюре, буламык сыяктуу балдар тамак-ашына акциз салыгы киргизилген жок

Жарыяланган

2026-23-03, 09:02

Салык кызматы: Пюре, буламык сыяктуу балдар тамак-ашына акциз салыгы киргизилген жок

Салык кызматы ТЭИ ТН 2202 коду боюнча классификацияланган, балдар тамак-ашы катары мамлекеттик каттоодон өткөн алкоголсуз суусундуктарга милдеттүү түрдө акциз салыгын салуу жана акциздик маркалар менен маркалоо жөнүндө боюнча түшүндүрмө берди.

Маалым болгондой, быйыл 1-январдан тарта кант, татымалдар же даам, жыпар жыттуу кошулмалары бар жана ТЭИ ТН 2202 коду боюнча классификацияланган алкоголсуз суусундуктар (тактап айтканда, суулар, минералдык жана газдалган сууларды кошкондо) балдар тамак-ашы катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгүнө карабастан милдеттүү түрдө акциз салыгы салынууга жана акциздик маркалар менен маркаланууга тийиш. Акция салыгы литрине 3 сомду түзөт. 

Акциздик товарларга кант, татымал же жыпар жыттуу кошулмалары бар суусундуктар гана кирет. Балдардын тамак-аш азыктары катары саналган пюре, буламык жана ушул сыяктуу товарларга акциз салыгы салынбайт.

Бул норма жогоруда көрсөтүлгөн күбөлүктү берүү жолу менен акциз салыгын төлөөдөн качуу тобокелдиктерин жоюуга жана алкоголсуз суусундуктарды өндүргөн ата мекендик өндүрүүчүлөргө бирдей конкреттүү шарттарды түзүүгө багытталган.

Салык кызматы билдиргендей, Кыргызстанда ТЭИ ТН 2202 кодуна кирген суусундуктарга балдар тамак-ашы катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк берүүгө ыйгарым укуктуу орган жок. Бул буга чейин адилетсиз практикага шарт түзүп келген. Тактап айтканда, айрым импорттоочулар айрым даамдагы суусундуктарга мындай күбөлүктөрдү берип, бул аларга акциз төлөөдөн качууга мүмкүндүк берген. Ал эми башка даамдагы ушул эле продукцияга салык салынып келген.
 


Тектеш материалды окуу