
Жарыяланган
2026-20-03, 09:03Мамлекеттик Салык кызматы быйыл 1-январдан тартып балдардын тамагы катары катталган алкоголсуз суусундуктарга акциз салыгы салынарын жана алар акциздик маркалар менен маркаланууга тийиш экенин эскертет.
Аталган талап өкмөттүн 2022-жылдын 22-февралындагы токтому менен киргизилген жана балдар тамак-ашы катары мамлекеттик каттоодон өткөн, ошондой эле ТЭИ ТН 2202 товардык позициясына кирген алкоголсуз суусундуктарга тиешелүү.
1-январдан тартып бул продукцияны акциздик маркасы жок өндүрүүгө жана импорттоого тыюу салынат. Ошол эле учурда буга чейин ташылы келинген жана өндүрүлгөн продукцияларды 1-майга дейре сатып түгөтүүгө убакыт берилет.
“Салык кызматы балдар тамак-ашын өндүрүү, импорттоо жана жүгүртүү менен алектенген салык төлөөчүлөрдү салык мыйзамдарынын талаптарын сактоого чакырат. Маркасы жок продукция аныкталган учурда мыйзамга ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт”, - деп айтылат маалыматта.



