akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-13-05, 11:19

    Россияда мыйзамсыз мигранттар тууралуу кабарлагандарга акчалай сыйакы төлөө сунушталууда

    Россиянын Мамлекеттик Думасынын "Жаңы адамдар" фракциясынын депутаттары өлкөнүн Ички иштер министрлигине миграциялык мыйзамды бузган чет элдиктер тууралуу маалымат берген жарандарга акчалай сыйакы төлөө сунушу менен кайрылды. 

    "РИА Новости" жазгандай, билдирүү жасаган адамга мыйзамсыз жүргөн мигрант төлөгөн айыппул жана конфискация болгон мүлкүнүн бир бөлүгүн берүү сунушталууда. 

    Сунушка ылайык, миграциялык тартипти бузгандар үчүн айыппулдун өлчөмү 100 миң рублга чейин көбөйтүлүп, ошол эле учурда мигранттын мүлкү, анын ичинде акчасы мамлекеттин эсебине алынат. Бул акчанын жарымы кабар берген адамга берилет. Депутаттардын пикири боюнча, мындай сыйакы киргизилсе, ал жарандарга мыйзамсыз жүргөн мигранттарды аныктоого билек түрө киришкенге түрткү берет. 


    Тектеш материалды окуу