Akchabarsearch
    Кыргызстандын ички карызы 1 млрд 600 млн сомго өстү

    Жарыяланган

    2025-14-01, 09:35

    Кыргызстандын ички карызы 1 млрд 600 млн сомго өстү

    Улуттук банктын маалыматына караганда, Кыргызстандын мамлекеттик казына облигацияларындагы ички карызы 13-январга карата 169 миллиард 316 миллион 114,9 миң сомго жетти.

    Сумма 11-январга салыштырмалуу 1 миллиард 600 миллион сомго өскөн. Бул карыз 30 миллиард сомдон 31,6 миллиард сомго чейин өскөн 3 жылдык облигациялар аркылуу мамлекеттик карыздардын көбөйүшүнө байланыштуу.

    Кошумчалай кетсек, 3 жылдык казыналык облигацияларды жайгаштыруу 10 жана 13-январда болгон. Облигациянын кирешелүүлүгү 12,94%ды түздү.


    Тектеш материалды окуу