Жарыяланган
2024-09-10, 10:45Каржы министрлиги 53 миллион 500 миң сом өлчөмүндөгү милдеттенмелеринин бир бөлүгүн мамлекеттик 5 жылдык казына милдеттенмелери аркылуу төлөдү. Маалыматтар 4-октябрдан 7-октябрга чейин Улуттук банктын сайтында чагылдырылган.
Бирок ошол эле учурда Каржы министрлиги мамлекеттик 7 жылдык облигациялар аркылуу 1 миллиард 419,2 миллион сом карыз алган.
Натыйжада Кыргызстандын ички карызы 1,4 миллиард сомго өсүп, 163 миллиард 912 миллион 446 миң 900 сомду түздү.



