Жарыяланган
2025-28-05, 17:59Быйыл январь-апрель айларында өлкөдө автобус жана кичи автобус менен жүргүнчүлөрдү ташуунун саны былтыркы жылдын төрт айына караганда өстү.
Маалыматка ылайык, быйылкы төрт айда автобус менен кичи автобустар 199.7 млн кишини ташыган. Ал былтыркы төрт айга салыштырмалуу 19.8%га көп (2024-жылы – 166.8 млн адам).
Жүргүнчүлөрдү ташуунун саны боюнча Бишкек баарынан алдыда турат: 136.5 млн же +27.6%.