Akchabarsearch
    Бишкек шаарынын мэринин орун басары кармалды

    Жарыяланган

    2025-17-07, 10:24

    Бишкек шаарынын мэринин орун басары кармалды

    УКМК Бишкек шаарынын мэринин орун басары Ы.Ж.С. кармалганын билдирди. Маалыматка ылайык, ал 2020-жылдан бери «Туңгуч» кичи районунда жайгашкан аянты 1500 чарчы метрге жакын болгон муниципалдык жер тилкесин жеке кызыкчылыгы үчүн мыйзамсыз пайдаланган.

    Бул аймакта тиешелүү уруксаат берүүчү документтерсиз төрт коммерциялык павильон жана болжол менен беш балдар аттракциону орнотулуп иштетилип келген. Вице-мэр бул объекттердин орнотулушуна көмөктөшүп, мыйзамсыз ишкердикке колдоо көрсөткөн. Буга байланыштуу, жергиликтүү бюджетке ижара төлөмдөрүнөн дээрлик 3 млн сомго жакын  зыян келтирилген. 

    Мындан тышкары, жерди өз алдынча басып алуу «Туңгуч» кичирайонуна сейил багын жана балдар ойноочу аянтча курууга тоскоолдук жараткан. Бул жергиликтүү тургундардын нааразылыгын жараткан.

    Тергөөнүн жүрүшүндө вице-мэр Ы.Ж.С. жана жаран В.Н.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Мыйзамсыз курулган объекттер бузулуп, аталган жер тилкесинде балдар аянтчасын куруу иштери башталды. Учурда тергөө иштери улантылууда.

     

     


    Тектеш материалды окуу