Akchabarsearch
    Туризмдин салык түшүмү 2025-жылдын алты айында 160 млн сомдон ашты
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2025-15-07, 11:30

    Туризмдин салык түшүмү 2025-жылдын алты айында 160 млн сомдон ашты

    2025-жылдын январь-июнь айларында туризм тармагынан түшкөн салыктык кирешелер 160,6 млн сомду түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын сайтында айтылат.

    Акыркы беш жылда аталган тармактан түшкөн салыктык түшүмдө олуттуу өсүш орун алып, алтыдан ашык эсеге көбөйдү. 

    Жалпы салыктын суммасы  1,1 млрд сомго жетти. 2020-2024-жылдар аралыгында аталган сектордон түшкөн салыктардын көрсөткүчтөрү төмөнкүчө болду: 2020-жылы-49,3 млн сом; 2021-жылы-123,6 млн сом; 2022-жылы -200 млн сом; 2023-жылы-277,1 млн сом; 2024-жылы-336 млн сом. 

    Кирешенин тез өсүшү пандемиядан кийин туризм тармагынын калыбына келиши, чет элдик туристтердин агымынын көбөйүшү жана ички туризмдин активдешүүсү менен түшүндүрүлөт.

     


    Тектеш материалды окуу