Жарыяланган
2024-30-08, 09:45Улуттук банктын 31,1035 граммды түзгөн алтын куймасынын унций баасы 219 миң 864,5 сом деп белгиленди. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Кечээ, 29-августта анын баасы 218 миң 880 сомду түзгөн. Ошентип, бир сутканын ичинде ал 984,5 сомго кымбаттады.
Ай башынан бери алтын куймасынын унцийинин баасы 10 миң 299 сомго арзандады.
Кошумчалай кетсек, бүгүн 31,1035 грамм салмактагы алтынды 223 миң 162,5 сомго сатып алууга болот.



