Жарыяланган
2025-10-07, 13:29Өзбекстан быйыл беш айда чет жакка 3.9 млн долларга 4 миң 828 тонна бадыраң экспортоду. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин Статистика агенттиги билдирди.
Өзбекстан бадыраңды эң көп Россия (2 миң 130 тонна) менен Кыргызстанга (2 миң 126 тонна) саткан. Ошондой эле Казакстанга – 541 тонна, Бириккен Араб Эмираттарына – 20 тонна жана дагы 11 тоннаны башка өлкөлөргө экспорттогон.