
Жарыяланган
2025-04-11, 13:54Быйыл сегиз айда Кыргызстандан чет жакка 10 миң 30 баш кой-эчки экспорттолду. Бул тууралуу Статистика комитети билдирди.
Бул майда жандыктын баары Өзбекстанга кеткен. Анын баасы 85.6 млн сомду түзгөн.
Былтыр да кой-эчкилер Өзбекстанга гана экспорттолгон. Бирок анда 161 миң 706 баш сатылган (экспорт 16 эсе азайган). Баасы 1 млрд 397.5 млн сомду түзгөн.



