Жарыяланган
2025-21-10, 10:02Манас шаарында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин окутуучусу алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, аталган мугалим (К.З.А.) абитуриенттерди сырттан окууга тапшыртып, сынактардан өткөрүп, кийин диплом алып береп деп убадалап алдап жүргөн. Ал окуу акысына, сынактарды бүтүргөнгө деп алардан акча алып келген.
Учурда ал ушул сыяктуу 50дөн ашык фактыга катыштыгы бар экени, 5 жылдан бери ушинтип алдамчылык кылып жүргөнү аныкталган.
УКМК аталган жаранга (К.З.А.) алдангандар болсо, (03722) 5-60-49 же (0556) 06-18-83 номерлерине кабар берүүсүн суранат.