
Жарыяланган
2025-01-12, 14:26Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Таласбай кичи районунда 750 орундуу мектеп салына баштады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Долбоорго ылайык, мектеп 3 кабаттуу болуп салынып, анын жалпы аянты 8 миң 625 чарчы метрди түзөт.
Курулуш иштери министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” ишканасы тарабынан жүргүзүлөт.



