
Жарыяланган
2025-03-12, 14:37Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Ширин айылындагы №106 мектепке 150 орундуу кошумча окуу корпусу курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Объект республикалык бюджеттен бөлүнгөн 77 млн сом каражатка салынууда.
Жаңы эки кабаттуу корпус окуу бөлмөлөрү жана спорт залы менен камсыздалып, жалпы аянты 1480 чарчы метрди түзөт.
Учурда курулуш иштери 75%га аткарылды.



