Akchabarsearch
Жапаров: 2028-жылга чейин Кыргызстандын айылдарында бир да эски мектеп калбайт

Жарыяланган

2026-14-04, 12:40

Жапаров: 2028-жылга чейин Кыргызстандын айылдарында бир да эски мектеп калбайт

2028-жылга чейин Кыргызстандын айылдарында бир да эски мектеп калбайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ош облусунун Алай районунун тургундары менен болгон жолугушууда билдирди. 

Садыр Жапаров өкмөткө 1960-70-жылдары салынып, авариялык абалда турган мектептердин баарын 2028-жылдын сентябрь айына чейин жаңылоо боюнча тапшырма бергенин белгиледи. 

“2028-жылы сентябрда эски мектеп деген көйгөй болбойт. Эң кеч дегенде 2030-жылга чейин эски мектеп калбайт. Өлкөдо 3 миңдей айыл болсо, баарында эле мектептер эски, 1960-1980-жылдары салынган. Дагы 3-4 жылда алардын баарын жаңылап бүтөбүз”, - деди ал. 
 


Тектеш материалды окуу