
Жарыяланган
2026-14-04, 11:31Кыргызстандын жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрүн бүт дүйнө жүзү тааныды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ош облусунун Алай районунун тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.
Жапаров акыркы беш жылда бир катар тармакта реформа жасалганын, анын ар бири ызы-чуу менен коштолгонун айтты. Президент ал ызы-чуу чыгаргандардын аркасында чөнтөгүнө түшүп турган акчадан кур калган коррупционерлер турганын сөз кылды.
Ал 2020-жылга чейин Кыргызстан паспорт, айдоочулук күбөлү жана башка бир катар документтерди чет жактан чыгартып келгенин, ортодо акча жеп келгендер болгонун билдирди.
Садыр Жапаровдын айтымы боюнча, буга чейин Москвада Кыргызстандын эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрүн 3 миң долларга, ID-карттарын 5 миң долларга чейин сатып жүрүшчү. Ошентип сатып алгандар Москвада азыр да иштеп жүрүшөт.
Ал билдиргендей, жаңы айдоочулук күбөлүк, ID-карттарды жасалмалоого мүмкүн эмес. Алдыда ал эски документтер жокко чыгарылып, ошондон кийин Кыргызстандын документтерин сатып алгандар жасалма документтерди колдоно албай калат. Буга дагы 5-6 жыл керек болот.



