Akchabarsearch
Жапаров: Жерүй кенин иштеткен компания жылына бюджетке 5 млрд сом акча которот

Жарыяланган

2025-26-12, 15:51

Жапаров: Жерүй кенин иштеткен компания жылына бюджетке 5 млрд сом акча которот

Таластагы Жерүй алтын кенин иштеткен компания жылына бюджетке 5 млрд сом салык жана башка салыктарды төлөйт. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда Бишкекте өткөн IV Курултайда президент Садыр Жапаров билдирди.

Курултайда делегаттардын бири Таластагы Жерүй алтын кенин мамлекетке кайтаруу боюнча маселе көтөргөн.

Президенттин айтымында, аталган алтын кенди мамлекетке кайтарууга мүмкүн эмес. 

“Анткени ал Кумтөргө окшош эмес. Такыр башкача. Кумтөрдү билесиздер, аны күрөөгө коюп, 475 млн доллар насыя алып, 275 миллионуна завод курушкан. 200 миллионун чөнтөккө салышкан. Алтынды иштетип, андан түшкөн пайданын эсебинен банктан алган насыяны жапкан. Бир тыйын акча салбай туруп, ушундай шылуундукка барган үчүн деп биз аны алып койдук. Ал эми Жерүй такыр башка”, - дейт ал.

Жапаров билдиргендей, Жерүй башында 4-5 кожоюнга сатылган. 

“Мамлекет алат, сатат. Кайра алып туруп башка бирөөгө сатат. Ошентип отуруп 500 млн долларга жакын чыгым кеткен экен. 2014-жылыбы же 2015-жылы Жерүйдү сатканда, 100 млн долларды мамлекетке төктүргөн. Ал акча түшкөн дагы кумга сиңген суудай жок болуп кеткен. Эми ал – мамлекеттин күнөөсү, ошол кездеги башчылардын күнөөсү. Көзөмөлгө алган эмес”, - дейт Жапаров.

Анын айтымында, Жерүй кенин иштеткен компания бюджетке 100 млн доллар төккөндөн тышкары 350-400 млн долларга фабрика салган.

“Мен (президенттикке – ред.) келген жылы фабриканы Путин (Россиянын президенти – ред.) экөөбүз видео байланыш аркылуу ачканбыз. Мындайча айтканда, 1 млрд долларга жакын акча коротуп туруп, андан кийин иштетип жатат. Аны жөн эле тартып алган адилеттикке жатпайт”, - дейт ал.

Жапаров Жерүй кенинен мамлекет кандай пайда көрүп жатканын айтып берди.  

“Жерүйдө 1% үлүшүбүз жок” деп бакырып чыккандар бар. Бирок биз башкача жолдор менен алардан пайда алып жатабыз. Жылына 5 млрд сомго жакын салык, төлөмдөрдү төгөт. Андан тышкары Талас облусунда фонд бар, ага каражат берет. Жерүй жайгашкан айыл өкмөттүн фондуна да акча берип турат”, - деп, Жапаров кенди иштеткен компания облуста мектеп жана башка социалдык объетилерди салып жатканын билдирди.


Тектеш материалды окуу