
Жарыяланган
2025-24-11, 15:02Быйыл январь-сентябрь айларында Кыргызстанда чакан кредиттик мекемелер тарабынан 63.2 млрд сом насыя берилди. Бул тууралуу Статистика комитети билдирди.
Насыя алгандардын саны 796.8 миң кишини түзгөн. Кредиттин көбүн Бишкек шаарынын (258.7 миң адам же 33%) жана Ош (126.8 миң киши же 16%), Жалал-Абад (108.7 миң адам же 14%), Чүй (84.9 миң киши же 11%) облустарынын тургундары алган.



