Akchabarsearch
Кызыл-Суу айылынын 18 миң тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз болду

Жарыяланган

2025-24-11, 15:27

Кызыл-Суу айылынын 18 миң тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз болду

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылында 18 миң тургун, башкача айтканда 4 миңден ашык үй-бүлө таза суу менен камсыз болду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Бүгүн, 24-ноябрда таза суу менен камсыздоо системасы “Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында ишке берилди.

Мурда айылдагы суу түтүк системасы 1950-жылдары курулуп, тоо булактарынан самотек ыкмасы менен иштеп келген. Инфраструктуранын эскириши жана көптөгөн авариялык участоктор суунун сапатынын начарлашына жана үзгүлтүккө себеп болуп келген.

“Бүгүн Кызыл-Суу айылынын тургундары бардык коопсуздук жана сапат талаптарына жооп берген заманбап жана ишенимдүү суу менен камсыздоо системасына ээ болушту. Биз суу чарба инфраструктурасын жаңылоо иштерин улантып, өлкөбүздүн айылдарын таза жана коопсуз ичүүчү суу менен камсыз кылууну улантабыз,” — деди Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев.

 


Тектеш материалды окуу