Жарыяланган
2025-01-09, 12:22Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ынтымак айыл аймагына караштуу Чайчи айылын таза суу менен камсыз кылуу боюнча курулуш иштеринде ири өлчөмдө мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу райондук прокуратура билдирди.
Прокуратуранын текшерүүсүнүн жүрүшүндө, аталган айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлери тарабынан “У.” ААКсы жана “А.Т.К.” ЖЧКсы иш жүзүндө аткарылбаган курулуш иштерин кабыл алуу актыларына киргизишкен. Натыйжада мамлекетке 1.9 млн сом зыян келтирилген.
Бул факт боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери улантылууда.