Akchabarsearch
Өлкөдө 263 жеке клиниканын иши токтотулду

Жарыяланган

2025-09-12, 13:15

Өлкөдө 263 жеке клиниканын иши токтотулду

Өлкөдө 263 жеке клиниканын иши одоно мыйзам бузуу фактылары боюнча токтотулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, республика боюнча жеке менчик медициналык жана фармацевтикалык уюмдарга масштабдуу текшерүүлөр жүргүзүлдү. 

Бул көзөмөл иш-чаралары медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын күчөтүү жана лицензиялоо-уруксат берүү тармагындагы мыйзамдардын аткарылышын бекемдөө максатында уюштурулду. 

Текшерүүлөрдү жүргүзүүгө «Лицензиялоо-уруксат берүү системасы жөнүндө» жана «Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» мыйзамдары негиз болду.

Жалпысынан 541ден ашык жеке медициналык уюм текшерүүгө алынган. Алардын ичинен 246сы же 45,5%ы жарактуу лицензиясы жок иш жүргүзүп келгени аныкталды. 

Лицензиясы бар 295 субъекттин ичинен 110унда лицензиялык талаптарды бузуу фактылары табылды. 


Тектеш материалды окуу