Жарыяланган
2025-19-09, 16:55Мамлекеттик салык кызматы “НОМОС” ЖЧКсы тарабынан салык мыйзамдары одоно бузулуп, мамлекетке ири зыян келтирилгенин билдирди. Бул боюнча ишкананын негиздөөчүсү — Асия Токтосунова изделүүдө.
Маалыматка ылайык, компания 2024-жылдын августунда катталып, кыска убакытта өлкөгө 3.5 млрд сомдон ашык суммадагы ананас, жүзүм, дарбыз, апельсин жана башка азык-түлүк товарларын алып кирген. Бирок салык отчётунда бул товарлардын сатылышы тууралуу эч кандай маалымат көрсөтүлгөн эмес. Натыйжада, болжол менен 400 млн сом салык төлөнбөй калуу коркунучу пайда болду.
Мындан тышкары, Токтосунованын атына дагы беш компания катталган. Алардын кээ бирлери үчүнчү өлкөлөрдөн товар импорттосо да, ишмердүүлүк белгилери жана салык төлөмдөрү тууралуу маалыматтар таптакыр жок.
Аталган кызмат А.А. Токтосунова жалган адам болушу мүмкүн же анын жеке маалыматтары уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан салык төлөөдөн качуу жана каражаттарды жүгүртүүдөн чыгаруу үчүн пайдаланылып жатат деген версияны карап жатат.