Akchabarsearch
Былтыр чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пункттарында 112 мыйзам бузуу фактысы аныкталды

Жарыяланган

2026-13-01, 11:45

Былтыр чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пункттарында 112 мыйзам бузуу фактысы аныкталды

Былтыр чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пункттарында 112 мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.  

Маалыматка ылайык, аталган фактылар боюнча тиешелүү артка кайтаруу актылары түзүлдү.

Аныкталган мыйзам бузуу фактылары төмөнкү мамлекеттерге тиешелүү болду:

  • Казакстанга – 48 артка кайтаруу актысы
  • Өзбекстанга – 51 артка кайтаруу актысы
  • Россияга – 8 артка кайтаруу актысы
  • Пакистанга – 1 артка кайтаруу актысы
  • Кытайга – 3 артка кайтаруу актысы
  • Түркияга – 1 артка кайтаруу актысы

Мыйзам бузуу фактылары негизинен ветеринардык коштоочу документтердин талаптарга жооп бербеши, жүктөрдүн коопсуздук талаптарын сактабагандыгы жана ветеринардык-санитардык нормалардын бузулушу менен байланыштуу.


Тектеш материалды окуу