Akchabarsearch
Салык кызматы: Бишкектеги «Кульджа ХОГО» кафесинде мыйзам бузуу аныкталды

Жарыяланган

2026-11-02, 17:06

Салык кызматы: Бишкектеги «Кульджа ХОГО» кафесинде мыйзам бузуу аныкталды

Бишкектеги кафелердин биринде түшкөн кирешени жашыруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүлөр бул системаны киргизүү боюнча пилоттук долбоордун алкагында өткөрүлдү.

Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө «Кульджа ХОГО» кафе тармагындагы олуттуу мыйзам бузуулар аныкталды. Бир менчик ээсине таандык үч мекемеде «көмүскө» эсеп жүргүзүү үчүн каттоодон өтпөгөн программалар колдонулган. Бул сатылуулардын бир бөлүгү расмий фискалдык системада чагылдырылбаганын билдирет.

“Ошондой эле, төлөмдөр компаниянын атына эмес, жеке жактарга катталган QR-коддор аркылуу кабыл алынгандыгы аныкталган.

Мындан тышкары, кассалардан фискалдык чектер менен ырасталбаган накталай акча каражаттары табылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, фискалдык программалык камсыздоо кошулган учурдан тартып эсепке алынбаган кирешенин суммасы болжол менен 12 миллион сомду түзгөн. Төлөнбөгөн салыктардын божомолдуу суммасы — болжол менен 648 миң сом”, - деп жазылат маалыматта.

Салык кызматы мыйзам бузуу белгилери аныкталган учурда мындай аракеттер үчүн айып пулдан тартып, жазык жоопкерчилигине чейин жоопкерчилик чаралары каралганын эскертти.


Тектеш материалды окуу