Akchabarsearch
15%дык тейлөө акы. Экономика министрлиги мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү пландоодо

Жарыяланган

2025-07-04, 09:00

15%дык тейлөө акы. Экономика министрлиги мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү пландоодо

"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар даярдалууда. Бул тууалуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. 

Аталган өзгөртүүлөр кафе-ресторандарда алынган 15%дык тейлөө акысына тиешелүү болот. 

Ошондой эле министрлик алардын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы кафе-ресторан, чач тарач, такси жана башка кызматтарга баанын өсүшүнө байланыштуу өлкө боюнча мониторинг жүргүзүп, анын себептерин аныктап жатканын билдирди.

"Мамлекет "Баа түзүү жөнүндө" мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн товарлар менен кызматтардын гана баасын жөнгө салат. Ал эми калган кызматтарга баа суроо-талап, сунуш жана атаандаштык сыяктуу экономикалык шарттарга ылайык эркин коюлат.

Эркин баа түзүүдө керектөөчү товарды же кызматты өзү тандап, баа жана шарттар тууралуу так маалымат алууга укуктуу. Кызмат атаандаштык эрежелерине ылайык көрсөтүлүшү шарт", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 2024-жылы жайында социалдык тармактарда кафе-ресторандарда тейлөө үчүн алынган акы боюнча кызуу талкуу жүргөн. Бир катар жарандар кафе берип жаткан тамактын баасында салык, тейлөө сыяктуу чыгашалары каралган болушу керектигин, тейлөө акысы деп дагы 15% алганы туура эместигин, мыйзамсыз экенин айтып чыгышкан.

Ал эми адистер билдиргендей, кардар кайсы бир кафеге кирип, менюдан тейлөө акысына канча бир пайыз төлөй турганын көрүп (же официант айтса), тамак алып жесе, демек ал ошол акчаны төлөөгө макул болгонун билдирет жана тейлөө акынын алынганы мыйзам бузуу болуп саналбайт. 

Ошондой эле адистердин айтымында, тейлөө акысы бир гана официанттын тейлегени үчүн эмес, кардар колдонгон идиш-аяк, стол жана башка нерселер үчүн алынат. 

Кардар кафе-ресторандарда тейлөө акысынын алынганына макул болбосо, керектөөчүлөрдүн укугун коргогон органга кайрылууга укуктуу. 


Тектеш материалды окуу