Akchabarsearch
Манаста мыйзамсыз курулган объектти бузуу чечими кабыл алынды

Жарыяланган

2026-28-01, 14:28

Манаста мыйзамсыз курулган объектти бузуу чечими кабыл алынды

Жалал-Абадда мыйзамсыз курулган объект боюнча чара көрүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Манас шаарынын Ленин көчөсү 74 дарегинде жайгашкан курулуш объектисинде текшерүү жүргүзүлдү. 

Анда тиешелүү уруксат кагаздары жок мыйзамсыз курулуш жүргүзүлгөнү аныкталды.

Аталган дарек боюнча жеңил типтеги курулушка гана уруксат берилгенине карабастан, учурда эки кабаттуу капиталдык курулуш тургузулганы белгилүү болду. 

Бул факты боюнча Жалал-Абад региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан курулушту толугу менен бузуу тууралуу акт түзүлдү.

Мыйзам талаптарына ылайык 20 күндүк мөөнөт менен жазуу түрүндө эскертүү берилди.


Тектеш материалды окуу