
Жарыяланган
2026-06-02, 15:07Бүгүн, 6-февралда Ысык-Көл районуна караштуу Тору-Айгыр айылында таза суу менен камсыздоо системасы пайдаланууга берилди. Бул туралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Ачылыш аземине Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов, район акими Ж. Т. Ормонов жана айыл тургундары катышты.
Долбоордун алкагында 62 млн сомдон ашык каражатка 15 чакырымдан ашык суу түтүктөрү тартылып, эки суу сактоочу резервуар курулду. Ошондой эле 12 өрт өчүрүүчү гидрант орнотулуп, 600 үйгө суу эсептегич коюлду. Сууну тазалоочу жабдуу орнотулган имарат салынды.
Объект толугу менен даярдалып, пайдаланууга кабыл алынды. Жаңы система менен Тору-Айгыр айылы таза жана коопсуз ичүүчү суу менен камсыз болду.



