Akchabarsearch
2021-жылдан бери таза суу тармагына 567 млн доллар инвестиция тартылган

Жарыяланган

2026-23-02, 15:28

2021-жылдан бери таза суу тармагына 567 млн доллар инвестиция тартылган

Бүгүн, 23-февралда Жогорку кеңештин  тармактык комитетинин жыйынында калктуу конуштардагы ичүүчү суу жана саркындуу сууларды тазалоочу курулмалардын абалы талкууланды.

Жыйында Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев белгилегендей, 2021-жылдан бери таза суу тармагына 567 млн доллар инвестиция тартылган. Анын 55 млн доллары республикалык бюджеттен каржыланган. Бул каражаттардын эсебинен 2021–2025-жылдары 25 шаарда жана 601 айылда суу системалары жакшыртылган.

Депутаттар калкты сапаттуу ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу иштерин тездетүү керектигин белгилешти. Ошондой эле тартылган кредиттик каражаттарды максаттуу жана сарамжалдуу пайдалануу зарылдыгы айтылды.

Жыйында аймактардагы бир катар маселелер көтөрүлдү. Кара-Суу шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу курулманы 2026-жылдын 4-кварталында ишке берүү пландалганы айтылды. 

Ысык-Көл облусундагы долбоорлордун мөөнөттөрү такталып, Ноокат районуна караштуу Гулистан айыл өкмөтүнүн тургундарын ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу сапатын текшерүү үчүн жер-жерлерде лабораторияларды түзүү сунушу берилди.

Жыйынтыгында суунун сапаты санитардык талаптарга жооп бериши керектиги жана тазалоо, зыянсыздандыруу системаларын орнотуу зарылдыгы белгиленди.

 


Тектеш материалды окуу