Akchabarsearch
Жылдыз Полотова "Элдик Банктын" директорлор кеңешинин мүчөсү болду
Сүрөт алынган жер: Интернет

Жарыяланган

2025-04-04, 09:59

Жылдыз Полотова "Элдик Банктын" директорлор кеңешинин мүчөсү болду

Мурдагы эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова "Элдик Банк" ААКсынын Директорлор кеңешинин мүчөсү болду.

Кыргыз фондулук биржасындагы маалыматка ылайык, 27-мартта "Элдик Банктын" жалпы акционерлеринин чогулушу өткөн. Анда кабыл алынган чечим боюнча Директорлор кеңешинин мүчөсү Талгар Кыйшыбаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын ордуна 4 жылга мүчө болуп Жылдыз Полотова шайланган.

Эскерте кетсек, Жылдыз Полотова 2014-2018-жылдары социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп иштеген.

2024-жылы июнда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалып, бул кызматты ошол эле жылдын декабрь айына чейин аркалаган. 


Тектеш материалды окуу