Akchabarsearch
Жогорку Кеңеш тогуз айда 1 млрд сомдон ашык каражат сарптады
Сүрөт алынган жер: www

Жарыяланган

2025-12-09, 12:33

Жогорку Кеңеш тогуз айда 1 млрд сомдон ашык каражат сарптады

2025-жылдын тогуз айынын жыйынтыгында Жогорку Кеңештин чыгымдары 1.036 млрд сомду түздү. Бул тууралуу маалымат «Ачык бюджет» мамлекеттик порталында жарыяланган.

Чыгымдардын — 979.3 млн сому Жогорку Кеңештин аппаратына, ал эми 56.8 млн сому Төраганын резервдик фондуна туура келет.

Бардык чыгымдардын 80%дан ашыгы — эмгек акыга 864.4 млн сом жана ага байланыштуу төлөмдөргө жумшалган. Анын ичинен 754 млн сом айлык акы болсо, калган бөлүгү кошумча төлөмдөр жана компенсациялар. Бул Жогорку Кеңештин бюджети негизинен өзүнүн кызматкерлерине жумшалып жатканын көрсөтөт.

Экинчи ири чыгым  — имараттарды оңдоого 340 млн сомго жакын каражат сарпталган. Анын ичинен 262 млн сом капиталдык оңдоого, ал эми 243 млн сом «башка имараттар» боюнча көрсөтүлгөн.

Жыйынтыгында, Жогорку Кеңештин бюджети негизинен айлык акыга жана инфраструктурага жумшалып жатканы байкалат.

Жылдык планда парламентке 1.5 млрд сом каралган. Алдыда дагы бир кварталдык чыгымдар күтүлүүдө.

 


Тектеш материалды окуу