
Жарыяланган
2025-17-12, 15:37Бүгүн, 17-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VIII чакырылышына жаңы шайланган 87 депутатка үлгүдөгү ырастамалар жана төш белгилери тапшырылды.
Ошондой эле, Жогорку Кеңештин сессиясында иш алып бара турган беш депутаттык топ түзүлгөнү жарыяланды:
“Мекенчил”— 19 депутат, лидери Кундузбек Сулайманов;
“Ата-Журт” — 18 депутат, лидери Нурланбек Азыгалиев;
“Элдик” — 18 депутат, лидери Акылбек Тумонбаев;
“Ала-Тоо” — 15 депутат, лидери Жанар Акаев;
“Адилет Кыргызстан” — 14 депутат, лидери Нурбек Сыдыгалиев.
Депутаттар Эльвира Сурабалдиева, Эрулан Кокулов жана Болот Ибрагимов эч кандай депутаттык топко кошулбаганын маалымдашты.
Жогорку Кеңештин тѳрагасы катары Нурланбек Тургунбек уулу шайланды.



