Akchabarsearch
Жогорку Кеңештин депутаттары 2026-жылдан тарта манжа издери менен добуш беришет

Жарыяланган

2025-11-12, 10:58

Жогорку Кеңештин депутаттары 2026-жылдан тарта манжа издери менен добуш беришет

Депутаттарды каттоо жана добуш берүү манжанын изи менен жүргүзүлөт. 

Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, бул норма 2026-жылдын январь айында ишке киргизилет.  

Регламенттин 84-беренеси боюнча, добуш берүү укугун башка депутатка берүүгө тыюу салынат. Буга чейин Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылышынын депутаттары бири-бирине добуш берген учурлар болгон.

Эске салсак, 30-ноябрда парламентке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарынын биринчи отуруму 17-декабрда өтөрүн билдирген.


Тектеш материалды окуу