Akchabarsearch

Жарыяланган

2024-11-11, 10:48

Шайлоо: аралыктан добуш берүүгө 9 миң 50 арыз түштү

Жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна аралыктан добуш берүүгө 9 миң 50 арыз түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын басымдуу бөлүгү же 72%ы 18-35 жаштагы жарандар.

Арыздардын эң көбү Кыргыз улуттук университетиндеги кабыл алуу пунктуна түштү. Андан кийинки орунда Каракол шаары турат.

Белгилеп кетсек, 17-ноябрдагы жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоодо биринчи жолу аралыктан добуш берүү ыкмасы колдонулуп жатат.


Тектеш материалды окуу