
Жарыяланган
2026-12-03, 14:24Бүгүн, 12-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын курамын кырскартуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Маалымат менен демилгечилердин бири, депутат Нурбек Сыдыгалиев тааныштырды.
Мыйзам долбоору шайлоолорду ыкчам жана сапаттуу өткөрүү үчүн БШКнын курамын оптималдаштыруу жана аны түзүү тартибин өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.
Ага ылайык БШКнын сандык курамын он эки мүчөдөн жети мүчөгө чейин кыскартуу сунушталууда.
Депутат Нурбек Сыдыгалиев экинчи окуунун алкагында БШКнын курамын сегиз мүчөдөн кылып түзүү тууралуу өзгөртүү сунушталарын билдирди.
Мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.
Демилгечи – депутаттар Марлен Маматалиев, Талант Мамытов, Акылбек Түмөнбаев, Дастан Жумабеков, Нурбек Сыдыгалиев, Талайбек Масабиров.



