
Жарыяланган
2025-01-12, 15:11Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыктарын чыгаруу тартибин түшүндүрдү.
БШКнын маалымат кызматы билдиргендей, мекеме шайлоонун жыйынтыгын 13 күндөн кечиктирбей, 14-декабрга чейин чыгарат.
БШКнын чечимдери үч күндүн ичинде сотко даттанылышы мүмкүн.
Мекемеден белгилешкендей, түшкөн бардык арыз жана даттануулар милдеттүү түрдө каралып, ар бир арыз боюнча чечим чыгарылат.



