
Жарыяланган
2026-10-03, 11:17Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн санын азайтуу сунушталды.
Баяндаманы мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Нурбек Сыдыгалиев жасады.
Анын айтымында, долбоор чыгымды азайтуу жана аталган комиссиянын ишин ыкчам алып баруу үчүн иштелип чыкты. Сыдыгалиев кээ бир учурларда БШКнын 12 мүчөсү чогулбай, кворум болбой калып жатканын белгиледи.
БШКнын сегиз адамдан турган курамы беш жылга шайланат жана анын төртөөнү президент, калган төртөөнү Жогорку Кеңеш көрсөтөт.
Депутат Дастан Бекешев комиссиянын мүчөлөрүнүн санын кыскартканда 2 млн сом үнөмдөлө турганын айтып, бул көп эмес экенин белгиледи. Ал комиссиянын мүчөлөрүн тандоодо адистигине көӊүл буруу керек экенин кошумчалады.



