Akchabarsearch
БШК бюллетендерди буйрутма берип жасатпайт, өзү басып чыгарат

Жарыяланган

2025-13-10, 18:03

БШК бюллетендерди буйрутма берип жасатпайт, өзү басып чыгарат

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бюллетендерди басып чыгарууга акча коротпойт. Бул тууралуу БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Бекматовдун айтымында, быйылкы парламенттик шайлоодо алар бюллетендерди басмаканага буйрутма берип жасатпайт. Ага акча коротулбайт.

БШК быйылкы шайлоодо бюллетендерди өздөрү чыгара турган болгон. Шайлоо тилкесине добуш бергени келген жарандарга бюллетень дароо ошол жерден чыгарып берилет. 

Бекматов бюллетендер үчүн керектүү материалдарды сатып алганга канча акча кетерин айткан жок. Ал азырынча смета бекитиле элек экенин билдирди. 

Белгилей кетсек, буга чейин БШК бюллетендер үчүн кагаз жана картридждерди сатып алууга 87 млн 396 миң сомго тендер жарыялаган. 

Тендер 15-октябрда аяктайт. 

 


Тектеш материалды окуу