Akchabarsearch
Жогорку Кеңеште манжа издери менен добуш берүү нормасы кийинки жылы киргизилмей болду

Жарыяланган

2026-15-01, 18:00

Жогорку Кеңеште манжа издери менен добуш берүү нормасы кийинки жылы киргизилмей болду

Жогорку Кеңеште манжа издери менен добуш берүү нормасы кийинки жылы киргизилмей болду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

Буга чейин Жогорку Кеңештин регламентинде бул норма 2026-жылдын январь айында ишке киргизилет деп көрсөтүлгөн.

Мыйзам 2025-жылдын 24-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Маалыматта депутаттар манжанын изи же адамдын жүзүн тааныган функциясы бар электрондук тутум менен добуш берүү системасын пайдалануунун мөөнөтү 2027-жылдын 1-январына чейин жылдырылганы жазылган.

Регламенттин 84-беренеси боюнча, добуш берүү укугун башка депутатка берүүгө тыюу салынат. Буга чейин Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылышынын депутаттары бири-бирине добуш берген учурлар болгон.


Тектеш материалды окуу